«МАРСЕЛЬЕЗА»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:53, 20 ноябрь 2026 карата Lera (талкуу | салымы) (Lera ««МАРСЕЛЬЁЗА»» барагын ««МАРСЕЛЬЕЗА»» деп кайра атады) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«МАРСЕЛЬЕЗА» (французча La Marseillaise) - француздук революциялык ыр; Франциянын мамлекеттик гимни. Сөзүн жана музыкасын 1972-жылы (Страсбургда) К. Ж. Руже де Лиль жазган. Алгач «Марсельеза» «Рейн армиясынын аскердик ыры» болгон. Ыр респ­убликаканын аскер бөлүктөрүнө тез тарап, Марсел­де «Марселдиктер маршы» же «Марсельеза» деген ат менен жайылып, Парижге жеткен. Экинчи импе­рия доорунда ырдоого тыюу салынган. «Марсельеза» Франциядагы Үчүнчү республиканын мамлекеттик гимни катары 1887-жылы расмий бекитилген. Россияда XIX кылымдын 80-90-жылдарында «Марсельезанын» обону менен ырдалган «Жумушчу марсельезасы» деген ыр жумушчу жана интеллигенция арасына тара­ган. Анын сөзүн А. Л. Лавров жазган (1875-жылы «Вперед» газетасына басылган; № 12). Кыргыз тилине 1975-жылы (А. Ашыров) которулган.