«МАНАС» ОПЕРАСЫ
«МАНАС» ОПЕРАСЫ - баатырдык патриоттук опера. Музыкасы А. Малдыбаев, В. Власов, В. Ференики. Либреттосун «Манастын» сюжети боюнча А. Токомбаев менен К. Маликов жазган. Сюжеттин негизин «Манас» эпосундагы «Көкөтөйдүн ашы» түзөт.
Алгач ирет 1946-жылы (2- редакциясы 1966-жылы) Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында коюлган. 1966-жылы коюлганында баш ролдордо Кыргыз ССР эл артисти К. Чодронов (Манас), СССР эл артисти С. Кийизбаева (Каныкей), Кыргыз ССР эл артисти С. Токтоналиев (Сыргак), X. Мухтаров (Коңурбай) ойногон. Режиссёрлору - СССР эл артисти, Р. В. Захаров менен Кыргыз ССР эл артисти А. Куттубаев,
хормейстери - С. Юсупов, художниги - Я. Штоффер. Чыгармада элдик ыр-күүлөр кеңири пайдаланылган. Анда хор да негизги орун ээлейт. Опера классикалык опералардын үлгүсүндө (увертюрасы, ариялар, хорлор, дуэттер, бийлер, татаал симфониялык өсүштөр) жазылган. «Манас» операсынын авторлору 1970-жылы Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон. Опера Москва, Ленинград шаарларында коюлган.
