МАВЗОЛЕЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:39, 20 ноябрь 2026 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАВЗОЛЕЙ, к ү м б ө з - мүрзө үстүнө тургу­зулган монументтүү курулуш (эстелик). Кария падышасы Мавсолдун (биздин заманга чейинки IV кылымдын орто чени) Галикарнастагы бейитине курулган эстеликтен улам ушундай аталган. Бул эстелик сыяктуу башка дагы антикалык мавзолейлер курулган. Ба­йыркы Римде Адриандын мавзолейи (Сан-Анжела се­пили), орто кылымда Сен-Ремидеги үч ярустуу мавзолей. Чыгышта мусулмандардын табынуучу жана ажыга баруучу ыйык жайына айланган. Мүрзө­лөрдүн үстүнө тургузулган курулуштар көлөмү жана жасалга кооздуктары менен айырмаланган. Бухарадагы Исмаил Саманинин мавзолейи (IX-X кылым), Самарканддагы Тимур жана Тимуриддердин, Гур­эмир (Эмирдин көрү) (140314-04), Аградагы Таж­-Махал (Шах Жахан менен анын аялынын күмбөзү,1630-1652), Европада ак сарай-парк ансамблдери чакан формаларда кеңири тараган (Павловски­деги Павел 1нин мавзолейи, 1805-1808).

XX кылымда дворян­дык чарбактар, некрополдор (Эрлангерлердин үй­бүлөлүк мавзолейи, Москва, 1914) курулган. Социалисттик арх­итектурада мавзолей куруунун композициялык жаңылык­тары табылып, ага трибунанын кошо салыны­шы мавзолейге олуттуу коомдук маани берген (мисалы, Лениндин Москвадагы, 1924, 1929-1930; Г. М. Ди­митровдун Софиядагы, 1949; Сухе-Батор менен Чойбалсандын Улан-Батордогу 1950; Хо Ши Мин­дин Ханойдогу, 1975 жана башкалар).