МААСЫ
МААСЫ — булгаарыдан ултарылган кончтуу такасыз бут кийим. Чулгоо оронуп, кепич менен кийилет. Кончу калың териден жасалат. Эгерде кончу

жука болсо, ичине чүпүрөк астарланат. Кыз-келиндердин маасылары кооздолуп, оймо түшүрүлөт. Маасы оң жана сол бутка ылайыкталып, айырмалуу (эки жактуу) жана эки бутка бирдей (бир жактуу) тигилет. Маасы ултарылышына карай намеркен маасы, булгаары маасы, кырым маасы жана башкалар болуп бөлүнөт. Маасы Чыгыш элдерине байыртадан кеңири тараган. Маасыны негизинен улгайган адамдар кийишет.