ЛЮБЛИН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:18, 20 ноябрь 2026 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛЮБЛИН - Полыпанын чыгышындагы шаар. Быстшица дарыясынын боюнда жайгашкан. Люблин воеводдугунун (администрациялык-аймактык бирдик) администрациялык борбору. Калкы 349,3 миң (2010). Жолдор тоому. Өлкөнүн чыгышындагы экономикалык жана маданий борбор. Ма­шина куруу (анын ичинде автомобиль), тамак-аш-таты­мал, булгаары-бут кийим, тигүү өнөр жай ишкана­лары иштейт. X кылымдан белгилүү. Университет, музей бар. Архитектуралык эстеликтери шаардын эски бөлүгүндө жайгашкан. Сепил (учурда музей; XIII-XIX кылымдар), ратуша (XIV-XVIII кылымдар), готика, ренессанс, барокко стилиндеги турак жайлар менен костёл­дор (XIV-XVIII кылымдар) сакталган. Люблинге жакын Майда­нек мамлекеттик музейи (1941-1944-жылдары фашисттик конц­лагер болгон; 1,5 млнго жакын адам жок кы­лынган) жайгашкан.

Люблин шаары