ЛУКСОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:10, 20 ноябрь 2026 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛУКСОР — Египеттеги музей-шаар. Нил дарыясынын (орто ченинде) оң өйүзүндө, Байыркы Египет­тин борбору Фивынын калдыктарынын арасын­да жайгашкан. Калкы 488 миң (2010). Биздин заманга чейинки XXI-XI кылымдарда Египеттин борбору болгон.

Аэропор­ту бар. Амон храм комплекси (биздин заманга чейинки XV-XIII кылымдар; колон­надалары, статуялары жана сфинкс аллеялары менен) байыркы Фивынын урандылары менен бир­дикте Вүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Луксор - эл аралык туризмдин ири борбору. Кол өнөрчүлүк (өзгөчө белек-бечкектер) өнүккөн. Айыл чарбалуу райондун борбору.

Луксордогу Амон храмы. Биздин заманга чейинки XIV кылымдын ба­шы - XIII кылымдын аягы.