ЛИТУРГИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:41, 20 ноябрь 2026 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛИТУРГИЯ (грекче Λειτο - бүткүл элдик, коомдук, υργία - иш, милдет) - чыгыш христиан чиркөө­сүндөгү негизги сыйынуу салты. Литургия ырдоо жана айтуу үчүн арналган сыйынуу сөздөрүнөн турат. Литургия сөздөрү өз кезегинде өзгөрүлүп туруучу (ди­ний майрамдарга жараша) жана туруктуу кайта­лануучу болуп экиге бөлүнөт. XVIII кылымдын экинчи жарымынан тартып литургия композиторлор тарабы­нан көп үндүү салтта жазылып, анын чиркөөдө эмес, концерттик эстрадада аткарылуучу үл­гүлөрү да жарала баштаган.