ЛИТОГРАФИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:34, 20 ноябрь 2026 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛИТОГРАФИЯ (лито... жана ...графия - тегиз ба­суу) - көркөм басманын техникасы. Көркөм сүрөт искусствосунда формага сүйкөлгөн боёкту кагаз, таш (катуу акиташ) менен иштөөгө байла­нышкан нуска (оттиск) алуу ыкмасы; Литография ыкма­сы менен басылган чыгарма; ушул ыкмага адис­тештирилген өнөркана. Литографияны сүрөтчү атайын майлуу литографиялык калем менен бүртүктүү же тегиз беттүү таштын үстүнө тартып аткарат. Сыя калем менен тартылган графикадан басып алуу үчүн жылмакай таш, ал эми калем менен тар­тылган сүрөттун так көчүрмөсүн алууда быдыр­луу таш пайдаланылат. Кээде атайын литографиялык кагаз - корнпапирге тартылган сүрөттү таштын бетине түшүрүүгө туура келет. Таш химиялык жол менен иштетилип, форманын бети сууланып, боёк сүйкөлгөндөн кийин басуу процесси аткарылат. Басма атайын станокто жүргузүлөт. Литографиялык тех­никанын башка да аз колдонулуучу түрлөрү

А. Н. Бенуа. «Петергоф. Чоң Дворецтин Үстүнкү парк тарабындагы Чиркөөнүн корпусу». Литография. 1918.

0. Абсаттаров «Түштүктө». 2006.

(хромолитография, асфальтта кырып тартуу, туш менен жуу, таш гравюрасы) бар. Көп учурда ташта иштөөнүн ордуна түп нусканы атайын көчүрмө кагазда аткарышат. Бул учурда сүрөттү ташка сүрөтчүнүн жардамысыз эле түшүрө бери­шет. Литографияны 1797-жылы Германияда А. Зенефельдер ойлоп чыгарган. XIX кылымда кеңири тараган көркөм каражат болуп калды. Ал карикатура менен саясий-сатиралык чыгармаларда сүрөт көчүрмө­сүн көбөйтүү, кара-ак жана көп түстүү нускалар­ды, китеп сүрөттөрүн, географиялык карталарды, эти­кетка, плакат, көрсөтмө куралдарды жана башкаларды кө­бөйтүп басуу үчүн кеңири колдонулат. Андан кийин иштөө принциби литографияга окшош келген

ав­толитография, олеография, литогравюра, аль­графия жана башкалар пайда болгон. XX кылымдын 30-жыл­дарынан сүрөт көчүрмөсүн алуунун өркүндө­түлгөн түрү - офсеттик басууну колдонуу менен литографиялык процесс өндүрүштө четтетилишине кара­бай литография көркөм нусканы алуунун алгачкы тех­никасы болуп кала берүүдө. XIX кылымда литография жасалга өнөрүнүн өнүгүшүнө чоң таасир тийгизген. Ил­люстрация, саясий жана турмуштук карикату­ра, плакат, эстамп өнүккөн. Литографиянын кулач жа­йышына Ф. Гойя, Т. Жерико, Э. Делакруа, А. Менцель, 0. Домье, П. Пикассонун чыгармачылыгы зор роль ойногон. Россияда литографиянын өнүгүшү А. О. Орловский, О. А. Кипренский, К. П. Брюл­лов, К. И. Лебедевдин ысымдарына тыгыз бай­ланыштуу. Литография станогун Октябрь революциясынан мурда Германиянын Лейпциг шаарынан Санкт-Пе­тербургга, Ата Мекендик согуштан кийин Кыргызстанга алып келишкен. Литографиялык өнөркана Биш­кекте Сүрөтчүлөр үйүндө жайгашкан. Өнөр­канада белгилүү сүрөтчүлөр: Л. Ильина, Л. Трус­ковский, Ю. Белевич, В. Рогачев, А. Сгибнев, Р. Нудель, Ж. Жумабаев, Ю. Шыгаев,

Т. Кур­мановдор эмгектенишкен. 2005-жылы өнөркана Литография борбору болуп, жаңы долбоор менен иштей баш­таган. Кыргызстандагы Литографиялык борбор - Борбордук Азия­дагы жалгыз ишкана. Бүткүл дүйнөлүк литография бор­бору деген статуска ээ болгон. Литография борборун Сү­рөтчүлөр союзунун мүчөсү, живописчи-график О. Абсаттаров жетектейт. Анда сүрөтчүлөр көркөм графиканын офорттук гравюра өнөрүн үйрөнүшөт жана чыгармачылыгын өркүндөтүшөт. Бор­бордо Европанын, Борбордук Азиянын жана Австрия­нын сүрөтчүлөрүнүн семинарлары, студенттер үчүн лекциялар, практикалык сабактар өтүлөт. Новосибирск шаарында жана Полыпада эки жылда бир өтүүчү эл аралык конкурстарга, көргөз­мөлөргө кыргыз литографисттери да катышып турушат.

Ад.: Суворов П. И. Искусство литографии. 4-е изд., М., 1964; Никанчикова Е.А., ПоповаА. Л. Технология офсетной печати. М., 1966.