ЛИНОГРАВЮРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:36, 19 ноябрь 2026 карата Lera (талкуу | салымы) (коррекция) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛИНОГРАВЮРА (латынча linoleum, linum - кен­дир, oleum - май линолеум жана гравюра) - ли­нолеум же ага окшош полимердик-пластика­лык материалга түшүрүлгөн томпок гравюра. Көркөм каражаттары жана техникасы боюнча линогравюра ксилографияга окшош жана басылышында гана андан майда деталдарынын жоктугу менен айыр­маланат.

Линогравюра.Л. Ильина. «Эне». 1963.

Линогравюра XX кылымдын башында пайда болгон. Линогравюранын өзгөчөлөнгөн сапаттары, башкача айтканда, көркөм ти­линин таамайлыгы, ак менен каранын ачык кон­трастта турушу, материалдын сапатына ыла­йык иштелген ийкемдүү живопистик штрих жана башка сапаттары басма графикасынын көп

че­берлеринин көңүлүн бурду. Мисалы, линогравюрага П. Пи­кассо (Франция), Э. Паккард (Америка Кошмо Штаттары), П. Ниль­сен (Дания), В. Д. Фалилеев, В. А. Фаворский (Россия) жана башкалар кайрылышкан. Кыргызстанда линогравюрада Л. А. Ильина, А. С. Осташев, Ж. Жумабаев, Ю. Шыгаев, Т. Курманов жана башкалар иштешкен.