ЛИВИНГСТОН (шаар)
ЛИВИНГСТОН - Замбиянын түштүгүндөгү шаар. Түштүк провинциясынын администрациялык борбору. Замбези дарыясынын боюнда, Виктория шаркыратмасынан 11 км аралыкта жайгашкан. Калкы 133,8 миң (2010). Ири жол тоому. Эл аралык аэропорту бар. 1905-жылы негизделген. Шаардын тарыхый бөлүгүндө колониялык мезгилдин курулуштары (XX кылымдын 1-жарымы) сакталган. Машина куруу (автомобиль, трактор жана башка техникаларды кураштыруу), жыгаччылык, женил, тамак-аш, тамеки өнөр жай ишканалары иштейт. Ливингстондун аймагына (Замбези дарыясына) Гидро электр станциясы курулган. Педагогикалык коллеж, улуттук музей (1934; археология, этнография, тарых, африкалык искусство, Д. Ливингстондун өздүк буюмдары), Марамба маданий борбору (ачык асман алдындагы этнографиялык музей) бар. Ливингстон - туризмдин борбору. Шаарга жакын жерде Моси-оа-Тунья улуттук паркы жана Виктория шаркыратмасынын (туристтик комплекс
уюштурулган) бир бөлүгү Буткул дуйнөлук мурастын тизмесине киргизилген. Шаар саякатчы Д. Ливингстондун урматына аталган.
