ЛЕССИНГ Готхольд Эфраим

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:05, 19 ноябрь 2026 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Лессинг Готхольд Эфраим

ЛЕССИНГ (Lessing) Готхольд Эфраим (22. 1. 1729, Саксония Каменц - 15. 2. 1781, Врауншвейг) - немис драматургу, искусство теоретиги, Агартуу доорундагы адабий сынчы, немис классикалык адабиятын негиздөөчү. Билимди Лейпциг (1746-48), Виттенберг (1748) университеттеринен алган. Германия­да феодализмди жоюп, өлкөнү саясий жактан бириктирип, демократиялык улут маданиятын түзүү үчүн күрөшкөн. Демократиялык улуттук маданият үчүн күрөштү Германияны саясий жактан жаңылоонун кара­жаты деп эсептеп, биринчи «мещандык» немис драмасы «Мисс Сара Сампсон» (1755) жана агар­туучу «Минна фон Барнхельм» (1767) комедия­сын жараткан. Реалисттик искусство жөнүндөгү теориялык көз караштарын «Лаокоон же живопись менен поэзиянын чеги жөнүндө» (1759-1765), «Гамбург драматургиясы» (1767-1769) деген эмгектеринде баяндаган. «Эмилия Галотти» (1772) трагедия­сында феодалдык зомбулукту айыптап, «Акылман Натан» (1779) драмасында диний ишенимди ур­маттоону жана гумандуулукту жактайт. Агартуу реализминин эстетикалык принциптерин жана Германиядагы философиялык материалисттик салттар­ды кубаттаган. Г. Лессингдин өзүнөн кийинки немис адабиятына тийгизген таасири зор.