ЛЕОН (Мексика)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:26, 19 ноябрь 2026 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛЕОН Л е о н-д е-л о с-А л д а м а - Мексика­нын борборунда жайгашкан шаар, Гуанахуато штатында. Мексика тайпак тоосунун түштү­гүндө, дениз деңгээлинен 1885 м бийиктикте, Турбио

Шаардын жалпы көрүнүшү.

дарыясынын боюнан орун алган. Калкы 1,2 миллион (2010; шаар айланасы менен 1,7 миллион). Эл аралык аэро­порту бар. Өлкөнүн булгаары-бут кийим өнөр жайынын [негизги ишканасы «Calzado Pinto» (балдардын жана жаштардын бут кийимдери), «Calzado Yeltat S. A. de C. V.» (аялдар менен эркек­тердики) жана башка компаниялар] башкы борбору. Тери ашатчу жана иштетүүчү ишканалары өнүккөн. Тамак-аш-татымал (пиво кайнаты­лат, суусундуктар), текстиль, металл иштетүү, химиялык, целлюлоза-кагаз, эмерек, айнек өнөр жай иш­каналары иштейт. Техникалык май өндүрүлөт. Кафед­ралуу базилика собору (XIX кылым), чиркөөлөр, саат мунарасы (XIX кылымдын 2-жарымы), муниципали­тет (1867-1869), Кальсада-де-лос-Эрос капкасы, (1893) жана башкалар сакталган. Университеттер, институттар, эл ара­лык туризм мектеби, бир нече илимий борбор, му­зейлер, китепканалар бар. Жыл сайын көргөзмө-­ярмаркалар, «Ралли Мексика» автомобиль жа­рышы өткөрүлүп турат. Зоопарк уюштурулган. Туризм өнүккөн. Испандар тарабынан 1576-жылы негизделген.