«ЛЕНФИЛЬМ»
«ЛЕНФИ́ЛЬМ» - Россия Федерациясындагы эң эски киностудия. 1918-жылы Петроградда уюшулган. Аты бир нече ирет өзгөрүп, 1934-жылдан «Ленфильм» аталат. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында «Ленфильм» коллективинин негизги бөлүгү Алматыдагы бириккен борбордук киностудиянын курамына кирген. Алгач үндүү «Жалгыз аял» (1931), түстүү «Мусоргский» (1950), кең экрандуу «Дон Кихот» (1957) фильмдерин чыгарган. Белгилүү фильмдери: «Чапаев» (1934), «Балтика депутаты» (1937), «Пётр Биринчи» (1937-1939), «Мылтыкчан киши» (1938), «Өкмөт мүчөсү» (1940), «Гамлет» (1964), «Король Лир» (1971) «Тоңкулдактын башы оорубайт» (1975), жана башкалар. Мында советтик кино искусствосунун өнүгүшүнө салым кошкон режиссёрлор: Г. Н. жана С. Д. Василъевдер, С. А. Герасимов, А. Г. Зархи, Г. М. Козинцев, С. И. Юткевич жана башкалар; операторлор: С. А. Беляев, А. Н. Москвин; сүрөтчүлөр: Е. Е. Еней, Н. Г. Суворов; сценаристтер: Б. Л. Леонидов, К. Н. Виноградская, Л. Н. Рахманов; сынчылар, анын ичинде, Пиотровский жана башкалар эмгектенишкен. «Ленфильмде» 1974-жылдан Д. Асанова иштеген. «Ленфильм» «Кыргызфильм» студиясы менен бирге «Чолпон» (1960), «Эрте жаздагы турналар» (1978) фильмдерин койгон. Студия 1935-жылы Ленин ордени менен сыйланган.