ЛЕЙПЦИГ
ЛЕЙПЦИГ, Лайпциг - Германиянын батышындагы шаар. Саксония жеринде. Түндүк Германия түздүгүнүн түштүк бөлүгүндө, Вайсе-Эльстер дарыясынын боюнда жайгашкан. Лейпциг округунун администрациялык борбору. Калкы 521,0 миң (2010). Тогуз жолдун тоому. Эл аралык аэропорту бар. Машина куруу, химия, полиграфия, текстиль, тигүү өнөр жай ишканалары иштейт. Университет (1409), бир нече жогорку окуу жайлары, Лейпциг көркөм сүрөт академиясы, Саксония Илимдер академиясынын филиалы, ЗОга жакын илимий изилдөө институттары, музейлер (анын ичинде асем өнөр, этнография, Германия китеби жана жазмасы жана башкалар), И. С. Бахтын, Ф. Мендельсондун жана башкалардын үй-музейи бар. Алгач 1015-жылдан эскерилет. XIII-XV кылымдарда Саксониянын администрациялык борбору. Лейпцигде XV кылымдын аягынан китеп басылат. Лейпциг - Германиядагы орто кылымдан берки музыкалык борбор. 1212-жылы Ыйык Фома чиркөөсүндө ыр мектеби ачылып, эркек балдар хору түзүлгөн (учурда «Томанерхор»). 1802-жылдан консерватория (Ф. Мендельсон уюштурган), дүйнөгө белгилүү музыкалык басма иштейт. Шаардын тарыхый борборунда чиркөөлөр (XIII-XVI кылымдар), XVI-XVIII кылымдардын курулуштары сакталган. Лейпцигде жыл сайын дүйнөгө белгилүү китеп көргөзмө-жармаңкеси, кыска метраждуу даректүү фильмдердин жана музыка фестивалдары, баалуу терилер аукцион көргөзмөлөрү өткөрүлүп турат.
