ЛЕВИРАТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:30, 19 ноябрь 2026 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛЕВИРАТ (латынча levir - күйөөнүн агасы же ини­си) - жесирди кайнисине же кайнагасына, кээ­де өлгөн күйөөсүнүн жакын туугандарынын би­рине алып берүү нике салты. Бул салт уруучу­лук коомдо пайда болуп, Кавказ жана Жакынкы Чы­гыш элдеринде кеңири тараган. Топ никенин кал­дыгы же полиандрия катары левират уруучулук коом бузулуу доорунда жана таптык коомдо көпкө сак­талган. Левираттын бул доорлордо сакталышына калың төлөө (калың төлөнгөн аял аны төлөгөн уруунун же үй-бүлөнүн менчиги деп эсептелген) себеп болгон. Мурда кыргыздарда жесирдин бой­док кайни, кайнагалары жок болсо, үй-жайлуу туугандарынын бирине токол катары нике кыйган.