ЛАТЫШТАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:14, 19 ноябрь 2026 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛАТЫШТАР, латвиеши (өздөрүн латвие­ши деп аташат) - эл, Латвиянын негизги кал­кы. Россия (18,9 миң, 2002), Америка Кошмо Штаттары (87, 6 миң, 2000), Канада (27,9 миң, 2006), Улуу Британия (30 миң, 2006), Австралия (18,9 миң, 2001), Ирлан­дияда (14 миң, 2006) жашайт. Жалпы саны 1,6 млн киши, анын ичинде 1,3 млну Латвияда (2011).

Латыш тилинде сүйлө­шөт. Динге ишенгендери - протестанттар жана като­ликтер. Латыштардын ата-баба­лары биздин заманга чейинки 3-2-миң жылдыкта Латвия айма­гын мекендеген балт уруулары (латгал, сел, зем­гал, куршей жана башкалар) болгон. Ошондой эле алардын курамына балтика-финн боюндагы уруулар - ливдердин тукумдары кирген. X-XII кылымдарда латыштардын алгачкы мамлекеттик түзүлүшү - Талава, Ерсика жана Кокнесе княздыктары пайда болгон. XII кылымдын аягында латыштар немистерге, XVI кылымда Литва улуу княздыгына, XVIII кылымдын аягында Россия империя­сына караган. Этностук биригүүнүн натыйжа­сында латыш эли түзүлүп, XIX кылымда улут катары калыптанган. 1940-ж. латыштар СССРдин курамына кирип, 1991-жылы Көз каранды эместик жөнүндө дек­ларация кабыл алган. Негизги кесиби - дый­канчылык, мал чарбачылык, балык уулоочу­лук. Аялдар, негизинен, туника сымал узун ак көйнөк, чакмак бел көйнөк - юбка (кээде сара­фан) кийип, башына жибек жоолук салынып, ак түстүү чачылуу жамынма жамынат. Кыздар башына шуру бастырылган кызыл түстүү топу, келиндер саймаланган кеп такыя (чепец) кийи­шет. Эркектер узун күрмө, шым, көйнөк, башы­на шляпа (майрам күндөрү кара же боз түстүү) кийип, белине кур курчанат.

Улуттук тамак-­ашы, негизинен, дан (негизинен буурчак), сүт, эт азыктарынан даярдалат. Кара буудай, арпадан тартылган пиво, зараң жана кайың ширеси улут­тук суусундук катары колдонулат. Салттуу май­рамдары - Рождество, Жаны жыл, Пасха, Ива­нов күнү жана башкалар.

Ш. Керимова.