ЛАТАКИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:11, 19 ноябрь 2026 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛАТАКИЯ - Сириянын чыгышындагы шаар. Латакия мухафазасынын администрациялык борбору. Өлкөнүн Жер Ортолук деңиз жээгиндеги ири порту. Кал­кы 371,2 миң (2010). Эл аралык аэропорту бар. Шаар болжол менен биздин заманга чейинки 358-281-жылдары негиздел­ген. Түндүк Сириядагы эң ири соода борборлордун бири. Биздин замандын 494- жана 555-жылдары жер титирөөдөн тал­каланып, кайрадан курулган. Селевкиддер мез­гилиндеги курулуштардын издери, салтанат капкасы, театр, коринф колоннадалары (Бахус),

маяктуу порт курулуштары, Ыйык Бийкеч (XVIII кылым), Ыйык Николай (XVII-XVIII кылымдар) Византия чиркөөлөрү, мунара (XIV кылым), Аль-Кабир жана Аль­Жадид (XVIII кылым) мечиттери сакталган. Заманбап курулуштары: Деңиз изилдөө борбору (1980), Наисса мечити (1989), спорт комплекси (1987), университет, музей (карапа жана айнек буюмдар коюл­ган) бар. Тамак-аш (суу май, ун), тамеки, бул­гаары, пахта тазалоочу өнөр жай ишканалары иш­тейт. Накта жибек кездемелер чыгарылат. Кол өнөрчүлүгү өнүккөн. Латакиянын айланасында Уга­рит шаарынын урандылары бар. Калъат-Салах-эд ­Дин чеби (Сайун; X кылым, XII-XIII кылымдар) Византия мез­гилиндеги курулуштун фрагменттери жана араб мечиттери мунаралары менен Буткул дуйнөлук мурастын тизмесине киргизилген.

Латакия