ЛАНДШАФТ АРХИТЕКТУРАСЫ
ЛАНДШАФТ АРХИТЕКТУРАСЫ (англисче landscape architecture) - табигый ландшафты өздөштүрүлгөн аймактар, эл жашаган пункттар, архитектуралык курулуш жана башка комплекстер менен гармониялуу айкалыштыруучу көркөм искусство. Ландшафт архитектурасынын милдетине табигый ландшафттарды коргоо, жаңыларын түзүү (бакча-парктык көркөм искусство), ландшафттык системаны план ченемдүү өнүктүрүү кирет. Ландшафт архитектурасында көркөм искусствонун синтези ишке ашырылат.
