ЛАКХНАУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:31, 19 ноябрь 2026 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛАКХНАУ - Индиянын түндүгүндөгү шаар. Инди-Ганг түздүгүндө, Гомати дарыясынын (Гангдын сол куймасы) өрөөнүндө жайгашкан. Уттар-Пра­деш штатынын администрациялык борбору (1947-жылдан). Калкы 2,8 млн (2010). Маанилүү жолдор тоому (Дели—Калькутта автомобиль жолу өтөт). Эл аралык аэропорту бар. 1528-жылы негизделген.

«Бара Имамбара» комплекси. Борборунда «Асафи Масжид» мечити.

Лакхнауну «Чыгыштын алтын шаары» (архитектуралык ку­рулуштарында алтын колдонулгандыгы жана уни­калдуу зер буюмдары үчүн) деп аташат. «Бара Имамбара» шейиттер үчүн ыйык комплекс (1783-1784; анын ичинде мечит), «Руми Дарваза» (же «Түрк Дар­базасы», 1784), саат мунарасы, Ыйык Иосиф со­бору сакталган. Текстиль, кагаз, металл иш­тетүү, булгаары-бут кийим, тамак-аш, полиграфиялык өнөр жай ишканалары иштейт. Көркөм кол өнөр­чүлүк өнүккөн. Индиянын илимий, маданий, медицина жана биология ири борбору, илимий изилдөө институттар, университеттер, кол­леждер, музейлер бар. Жыл сайын февралда му­зыка жана бий фестивалдары өткөрүлөт.