«ЛА СКАЛА»
«ЛА СКАЛА» (италянча ТеаГго а!1а 8са1а) - Италиянын Милан штатындагы 1778-жылы ишке киришкен опера театры. Дүйнөлүк опера маданиятынын ири борборлорунун бири. Архитектор Ж. Пьермарини долбоорун түзүп, эски Санта-Мария-делла-Скала чиркөөсүнүн ордуна салынган театрды «Л. С.» деп аташкан. XIX кылымдан тартып, театр дүйнөлүк опера өнөрүнүн борборуна айланып, анда атактуу ырчылар, композиторлор эмгектенген. 1955-жылы театрдын филиалы ошол эле шаарда уюштурулуп, «Р1ко1а 8ка1а» («Пиккола Скала» - «Кичи Скала») деп аталган. Анда көбүнчө камералык опералар коюлат. «Л. Сда» Б. Миңжылкыев стажировкада болгон (1968).