НИКЕЛЬ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:21, 9 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЙКЕЛЬ (латынча Niccolum), N1 - элементпгердин мезгилдик системасынын VIII тобундагы химиялык элемент. Катар номери 28, атомдук массасы 58,71. 1751-ж. швед окумуштуусу К. Кронштедт ачкан. Табиятта Н. 5 туруктуу изотоптун аралашмасынан турат: 58№, 6°Ы1, «‘N1, «N1, “N1. Жер кыртышынын массасы боюнча 5,8-10'3%ин түзөт. Күмүш түстүү ак металл, иштетүүгө ийкемдүү, созулгуч, фер­ромагниттүү касиетке ээ; тыгызд. 8,9 г/см?, балкып эрүү I 1453°С, кайноо 1 3000°С. Кычкылтек менен 500°Сден жогору температурада гана аракеттенет. Окистеринен маанилүүсү N10 - сууда эрибеген жашыл кристаллдар. Галогендер менен ысыткан­да кошулуп, №Х2пайда кылат. Күкүрттүн буу­сунда күйүп, кара түстөгү сульфидди N18 берет. Азот менен жогорку температурада да реакцияга кир­бейт. Нитриди кыйыр жол менен алынат. Селен менен №8е жана №8е2, теллур менен NiTe жана М1Те2, мышьяк менен №3Аз2, көмүртек менен Ni₃C ж. б. бирикмелерди пайда кылат жана +2 жана +3 окистенүү даражаларын көрсөтөт. Аны кислотада эриткенде жашыл түстөгү эки валенттүү Н. туз­дары пайда болот. Алар эритмелерден кристалл­гидраттар түрүндө бөлүнүп чыгат. Металл түрүн­дөгү Н-ди хлорлогондо №С12нин кургак, алтын сымал кристаллдары алынат. Н. сульфаты №8О4-7Н2О жана Н. нитраты М1(МО2)2-6Н2О - жашыл, ромб түрүндөгү кристаллдар. Туздарга щелочту таасир этүү менен жашыл түстөгү Н. гид­роксидин №(ОН)2 алууга болот. Үч валенттүү туз­дары эки валенттүү туздарына караганда турук­сузураак. Н-ди кенден бөлүп алуу татаал, ошон­дуктан аны кендеги башка металлдарды (Со, Ге, Си) бөлүп алган соң, А1, СО же Н2 менен анын оксиддеринен (N10, Н13О4, №2О3) калыбына кел­тирүү жолу менен алынат: ЗNiO+2А1=3№+А12О3 Алынган таза эмес Н. электролиз жолу менен же термиялык ажыратуу аркылуу тазаланат: №(СО)4-»№+4СО. Көбүнчө кооздоо, коррозиядан сактоо үчүн, башка металлдардан жасалган буюмдун бети туздарынын суудагы эритмелери менен капталат. Н. ысыкка чыдамдуу, коррозияга туруктуу, механикалык жактан бекем, магниттик жана электрдик касиеттерге ээ болгондуктан, атайын куймаларды (мисалы, хром-никелдүү дат баспас бо­лот, электр-техникалык куймалар) өндүрүүдө колдону­лат. Химиялык ө. ж-нда химиялык атайын аппараттарды жасоодо, көпчүлүк процесстердин катализатор­лору катары ж. б. пайдаланылат.