НИЖНИЙ ТАГИЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:21, 9 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЙЖНИЙ ТАГЙЛ - Россиядагы шаар (1917- жылдан). Свердлов обл-нда. Тагил д-нын боюн­да жайгашкан. Калкы 374,5 миң (2010). Т. ж. түйүнү. Кара металлургия («Нижнетагил метал­лургия комбинаты», А. К. Серов атындагы металлур­гия заводу), машина куруу жана металл иштетүү («Уралмаш», «Уралэлектротяжмаш», «Уралхим­маш» ж. б.), химиялык, кокс-химиялык (өндүрүш бирик­мелери:. «Уралхимпласт» ж. б.) ө. ж. ишкана­лары иштейт. Шаардын аймагынан коло казы­лып алынат. Университет, китепкана, театр, филармо­ния, музей (анын ичинде край таануу, искусство ж. б.), цирк бар. Шаар 1725-ж. негизделген.