НИГИЛИЗМ
НИГИЛИЗМ (латынча nihil - эч нерсе) - коомдук турмуш нормаларын, моралдык принциптерин, маданият мурастарын, бардык кабыл алынган баалуулуктарды тануу, жерүү, өгөйлөө. Н. терминин Генрих Якоби киргизген. Н. коомдук-тарыхый өнүгүү процессинин кризис доорунда кеңири таралат. Н-дин төмөнкүдөй формалары бар: 1) теориялык Н. чын дүйнөнү таанып-билүү мүмкүндүгүн четке кагат; 2) этикалык Н. рухий баалуулуктар менен жүрүм-турум нормаларын танат; 3) саясий Н. коомдук түзүлүшкө каалагандай каршы чыгат. 19-
кдын 60-жылдары Россиядагы разночиндик интеллигенция өкүлдөрү Н-ди жактаган.