НЕФТЬ ХИМИЯСЫ
НЕФТЬ ХИМИЯСЫ - химия илиминин нефтиден химиялык түрдүү заттарды, материалдарды өндүрүү процесстерин изилдөөчү жана иштеп чыгуучу тармагы. Ири молекулалуу бирикмелердин химиясы, химиялык кинетика жана катализ, химиялык технология илимдеринин биригишинен пайда болгон. Н. х-нын пайда болуусу жана калыптанышы нефтини химиялык жол менен кайра иштетүүнүн илимий негизин түзгөн. Изилдөөнүн жыйынтыгында ар түрдүү жаңы ыкмалар, методдор жана процесстер пайда болду. Ө. ж-да химиялык продуктуларды өндүрүүнүн өсүшү, отун катары күйүүчү заттарды, майлоочу майларды көп колдонуу баштапкы сырьёлордун булагын табууну талап кылды. Сырьёнун мындай булагы нефть жана нефть продуктулары болгондуктан, илимде, өндүрүштө нефтьхимиялык синтез деген жаңы тармак өсүп чыкты. Бул тармактын негизги максаты — нефтини, нефть продуктуларын, нефть газдарын комплекстүү түрдө кайра иштетүү. Азыркы учурдагы Н. х-нын өзгөчөлүгү - бир эле химиялык затты ар түрдүү сырьёдон ар кандай жол менен өндүргөндүгүндө. Бул көп түрдүү синтездөө жолдорунан эң үнөмдүүсүн, ыңгайлуусун тандап алууга мүмкүнчүлүк берет.