НЕФТЬ САКТАГЫЧ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:21, 9 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЕФТЬ САКТАГЫЧ - нефть же нефть продук­туларын сактоочу резервуар. Жер үстүндөгү, жарым-жартылай жер астындагы, жер астын­дагы түрлөрдөн турат. Металл, темир бетон, пластмассадан жасалат. Жер үстүндөгу резервуар цилиндр (вертикалдуу же горизонтал­дуу), сфера түспөлдө болуп, үстү конус, калкан, жарым шар сыяктуу жабылат. Нефть продук­туларындагы конус формасында жабылган ре­зервуардын сыйымдуулугу 100-5000 м3, ты­гыздыгы 0,9 т/м?. Ички газдык басымы 27- 93 кг/м3 болгон нефть жана нефть продуктулары вертикалдуу резервуарларда кездешет. Болоттон жасалган атайын конструкцияларда тунук, түссүз продуктулар, сфера түрүндөгү резервуар­ларга суюлтулган газдар, суюк продуктулар сакталат. Жарым-жартылай жер астындагы Н.с-тын сыйымдуулугу 500- 30000 м3 келип, темир-бетондон курулат. Бен­зин, дизелдик отундар, керосин сакталат. Аз уба­кытка сактоочу жер астындагы резер­вуарлар 100 лгдей терендикте казылат.