НЕФТЬ ПРОДУКТУСУН АРОМАТТАШТЫРУУ
НЕФТЬ ПРОДУКТУСУН АРОМАТТАШТЫРУУ - нефть продуктуларында ароматтуу көмүрдүү суутектерди арттыруу. Ароматташтыруу нефть менен анын фракцияларын иштетүүдө крекинг, риформинг, гидроген, деструкциялык пиролиз жолдору менен жүргүзүлөт. Нефть-химия ө. ж-нда нефтинин бензин-лигроин фракциясын катализатор менен риформингдөөдө ароматташат. Н. п. а. мотор отундарын жана ароматтуу көмурдүү суутектерди өндүрүүдө колдонулат. Нефть-химия ө. ж-нда пластмассалар, жуугуч заттар, боёктор, жарылуучу заттар алынат.