НЕФТЬ МОНОПОЛИЯЛАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:21, 9 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЕФТЬ МОНОПОЛИЯЛАРЫ - нефть чарбачы­лыгын башкаруучу күчтүү, кубаттуу бирикме. Ондогон нефть тресттери эл аралык монополия­ны түзөт. Башка чарбалардан финансылык ку­баттуулугу, өндүрүш каражаттарынын күч­түүлүгү, дүйнөлүк орду, соода-сатык маселеле­ринин ыңгайлуулугу менен айырмаланат. АКШ, Улуу Британия, Франция, Бельгия, Сауд Ара­биясы, Иран, Ирак, Кувейт, Венесуэла, Катар, Индонезия дүйнө жүзүндө алдынкы монополия болуп саналышат. Булар башка өлкөлөрдүн байлыктары менен киши күчүн пайдаланышат. Ошентип өздөрүнүн капиталдарын чыңдайт, Монополиялар ортосундагы атаандаштыкты, карама-каршылыкты күчөтөт.