НЕФТИЛҮҮ АЙМАКТАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:21, 9 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЕФТИЛҮҮ АЙМАКТАР - курамында көп сан­даган көмүртектүү органикалык заттар кездешкен чөкмө тектер тараган аймактар. Аянты бир нече миллион клг2ге чейин жетет. Азыркы кезде жер бетинде 350гө жакын Н. а. бар. Булардын ичинен 140 бассейн ө. ж-лык мааниге ээ. Тектоникалык түзү­лүштөрү боюнча платформалык (30%), геосинкли­налдык (35%), четки ийилүүлүк (15%), океан четтериндеги платформалык (15%) түрлөргө бө­лүнөт. Кайнозой заманына 25%, мезозойго 55% , палеозойго 20% запасы туура келет. Өз ичинен нефтилүү, нефть-газдуу облустарга, райондорго, зоналарга бөлүнөт. Дүйнө жүзүндө 28 миңге жа­кын кени бар (1973). Бардык чалгындалган не­фтинин 20% и Сауд Арабиясы (Гавар) менен Ку­вейтке (Бурган) туура келет. Нефть бардык жерде (Антарктидадан башка) жолугат (к. Таблица­сы 580-бетте).