НЕРСЕ
НЕРСЕ - материалдык объект. Жашап турушунун салыштырмалуу көз карандысыздыгы жана туруктуулугу менен айырмаланат. Ал касиеттери, түзүлүшү, милдеттери, сандык жана сапаттык өзгөчөлүктөрү боюнча мүнөздөлөт. Н. аң-сезимден тышкары жашап, идеалдык (түшүнүк, ой-пикир ж. б.) түрүндө да болушу мүмкүн. Н-нин өзгөрүшү кыймыл же процесс деп аталат. Кыймылдын өзүн да Н. катары караса болот. Болмуштагы касиеттер, мамилелер, байланыштар абстракттуу Н-лерди түзөт. Тигил же бул негизде түзүлгөн (бириккен) Н-лердин жыйындысы башка касиеттерге ээ болгон жаңы Н-ни жаратат. Философиялык адабияттарда Н-лерге мамилелеш «объект» же «предмет» деген түшүнүктөр бар.