НЕРВ ООРУЛАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:21, 9 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЕРВ ООРУЛАРЫ — нерв системасынын жа­быркашы. Анын пайда болушуна жугуштуу оорулар (менингит, полиомиелит, энцефалит), мээ кан тамырларынын атеросклерозу, гипер­тония, аракечтик, нерв системасынын кырсык­ка чалдыгышы, шишиктер себеп болот. Ошондой эле тукум куума өзгөчөлүктөр да мааниге ээ. Анын мүнөздүү белгилери — шал болуу, сезгичтиктин жоголушу, карышуу, туталануу жана психика­нын бузулушу. Н. о. органикалык (нерв системасынын структуралык өзгөрүшү) жана функциялык (чар­чоодон, өтө кайгыруудан болуучу невроздор) болуп айырмаланат. Дарылоо оорунун себебине жана жабыркоо мүнөзүнө жараша жүргүзүлөт. Алдын алууда организмди инфекциядан, уула­нуудан (өзгөчө баңги зат, алкоголь менен), кыр­сыктан сак болуу, организмди чыңдоо, эмгек менен эс алууну айкалыштыруу мааниге ээ.