НЁРВИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:21, 9 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЁРВИ Пьер Луижи (21. 6. 1891, Ломбардия, Сондрио - 9. 1. 1979, Рим) - итал. инженер ж­а архитектор. Арматуралуу цемент конструкци­ясын түзүүчү. 1913-ж. Болонья университетинин инженердик факультетин бүтүргөн. Н. курулуш материалдары жана ага байланыштуу конструкцияларды, көркөм каражаттарды эксперименттик изилдөө менен бай­ланыштырган. Темир-бетон түркүктөрүнүн, винт шатырларынын функциялык жана көркөм ка­ражат катары маанисин ачкан, 1946-жылдан арматуралуу цементтин мүмкүнчүлүктөрүн изил­деген. Н-нин негизги чыгармалары: Флоренция­дагы стадион (1929-32), Париждеги көргөзмөнүн павильонунун башкы залы (1948-49), Париж­деги ЮНЕСКОнун имараты (1957), арх. А. Нер­ви менен бирге Туриндеги Эмгек двореци (1961) ж. б.