НЕПТУН
НЕПТУН - Күн системасындагы Күндөн баштап санаганда сегизинчи планета. Немис астрономдору И. Галле менен Дж. Адам 1846-ж. ачышкан. Кунгө чейинки орт. аралыгы (орбитанын чоң огунун жарымы) 30,06 а. б. же 4500 миллион км. Н-дун түсү, чоңдугу, массасы жана атм-сы Уранга

окшош. Н.
орбита боюнча 5,4 км/сек орт. ылдамдык менен Күндү 164,79 жылда толук бир жолу (айлануунун сидерикалык мезгили) айланып чыгат. Анын диаметри Жердин экватордук диаметринен 3,88 эсеге чоң (49500 км), атм-сы негизинен метандын кошундусу менен молекулалуу суутектен турат. Н-дун көлөмү Жердин көлөмүнөн 57 эсе, массасы Жердикинен 17,28 эсе чоң (1,03-1026кг), орт. тыгыздыгы 1,84 г!см?. Анын бетиндеги оордук күчүнүн ылдамдануусу 11 лг/сек2га жакын. Н-дун бетинде өтө чоң шамал ылдамдыгы (2000 кж/с) катталган. Эки жандоочусу (Тритон, Нереида) бар.