НЕПАЛДАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЕПАЛДАР (өздөрүн непалдар, кхастар, парба­тиялар, гуркхтар деп аташат) - Непалдын не­гизги калкы, инди-арий тобундагы элдердин бири. Индия, Сауд Арабиясы, Малайзия, АКШ, Япония, Катар, Англия, Кытай, Австралия, Ка­нада ж. б. өлкөлөрдө жашашат. Жалпы саны 20 миллион киши, анын ичинде Непалда 14 миллион, Индияда 4,2 миллион киши (2012). Непал тилинде сүйлөшөт. Диний ишеними - индуизм, буддизм Биздин заманга чейинки 1- миң жылдыктагы индиялык булактарда Н-дын ата-теги - кхастар деп эскерилет. 13-14-к-да кхастардын магар, гурунг ж. б. уруулардын бир бөлүгү менен аралашуусунун негизинде кхас этно­су пайда болуп, гуркхтардын калыптанышына негиз түзгөн. Н. төмөнкү кастанын өкүлдөрү, мүмкүн абориген урууларына кирген. 18-к-дын 2-жарымында непал этносу калыптанган. 20- к-дын ортосунан улуттук консолидация процесси күч алган. Н. эки же үч кабаттуу кыштан тур­гузулган үйлөрдө жашап, дыйканчылык менен ке­сиптенишкен. Эркектердин салттуу кийимдери - тик жакалуу көйнөк (даура), шалбар (сурувал), узун белбоо (патука), күрмө. Аялдары кооздук­тарды тагынып, сары түстө (көбүнчө шаардык­тар) кийинишет. Тамак-ашы - негизинен күрүч, кара буудай менен жүгөрүдөн даярдалган нан, сүт (буйвол сүтү) азыктары. Майрам күндөрү жана кур­мандык чалууда эт пайдаланылат.

Непалдыктар нававарша - жаңы жылын майрамдоодо.Бхактапур ш.