НЕОДИМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЕОДИМ (латынча Neodymium), Nd – элементтердин мезгилдик системасынын III тобундагы химиялык элемент. Катар номери 60, атомдук массасы 144,24. Анын м. саны 129Nd, 130Nd, 132Nd, – 152Nd, 154Nd болгон 24 изотопу белгилүү, алардын ичинен 7 изотопу: 142Nd – 146Nd, 148Nd, 150Nd табиятта кездешет. 1885-ж. австр. химик Азур Фон Вельсбах ачкан. Н. – күмүш түстүү ак металл, балкып эрүү t 1024°C; кайноо t 3027°C. Жер кыртышында массалык боюнча 2,5·10-3% ти түзөт. Ал жаратылышта эшпинит минералынын курамында болот. Н. бирикмелери түстүү айнек өндүрүүдө кеңири колдонулуп, андан кооз буюмдар (вазалар, карапа идиштер) жасалат жана сүрөт иштеринде, согуш, лазер техникасында колдонулат. Магний, алюминий жана титан куймалары Н. менен легирленгенде алардын механикалык касиеттери жана жогору температурага чыдамдуулугу жакшырат.