НЕМИСТЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:21, 9 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЕМИСТЕР, немецтер (өздөрүн дойче деп аташат) - Германиянын негизги калкы. Жал­пы саны 140 миллион киши, анын ичинде 75 млну Германия­да (2012). С. эле АКШ, Канада, Казакстан, РФ, Бразилия, Европа өлкөлөрүндө (Австрия, Швей­цария, Лихтенштейн, Люксембург ж. б.), Ла­тын Америкасы, Австралия жана Түштүк Африка­да да жашашат. Немис тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендери - протестанттар жана католиктер. Биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктын аягында жана биздин замандын 1- к-нда байыркы герман уруулары Германия ай­магындагы байыркы калктын бир бөлүгү, түштүк батыш жана түштүктөгү кельттер, ошондой эле Альпы­дагы реталар менен аралашкан. Н-дин этностук негизин биздин замандын 1-к-нда калыптанган франктар, сакстар, баварлар жана алеманндардын уруу

союз­дары түзгөн. 10-13-к-да немис феодалдары ка­раткан аймактагы батыш славяндар жана Бал­тика боюндагы уруулардын бир бөлүгү немис элинин курамына кирген. 19-к-дын орто ченин­де немис улуту калыптанган. Н. дыйканчылык, мал чарбачылык жана кол өнөрчүлүк менен кесип­тенишет. Аялдар корсаж же кофта, бүйүрмөлүү юбка кийип, алжапкыч тагынып, жамынма жа­мынган. Эркектери көйнөк, тизеге чейин кыска же узун ыштан, күрмө кийип, моюн орогуч та­гынышкан. 19-20-к-да Н-де тироль костюму, кайырма жакалуу ак көйнөк, кыска булгаары ыштан, кызыл күрмө’,’ жазы кайыш кур, куш­тун канаты тагылган калпак кеңири таралган. Тамак-ашы - негизинен дан, эт, сүт азыктары, суусундук катары сыра ичишет.

Салттуу кийимчен немистер.
Shape 4301