НЕМЕТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:21, 9 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЕМЕТ Дьюла(2. 11. 1890, Карцаг ш., азыркы Яс­Надькун-Сольнок - 17. 12. 1976, Будапешт) -

түрколог­лингвист, Венгрия ИАнын анык мүчөсү (1935), Болга­рия ИАнын (1948), Герма­ния ИАнын (1955) корр. мү­чөсү, Будапешт университетинин проф. (1906-64). Негизги эм­гектеринде түрк филология­сын, венгрлердин байыркы тарыхын, ошондой эле 9- к-дын аягына чейинки уруулук абалын жана алардын этногенезиндеги түрктөрдүн ролун изилдеген. 0. эле түрк урууларынын пайда бо­лушу, орхон рун жазуу эстеликтерин чечмелеп окуу жана гунндардын кайсы тилде сүйлөгөнүн изилдеген эмгектери бар. Н. түрк грамматика­сынын автору. Кошут атындагы сыйл. лауреаты (1948), Хельсинкидеги финн-угор коомунун (1931) корр. мүчөсү, Лондон Королдук Азия ко­омунун мүчөсү (1956) болгон.