НЕМАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:21, 9 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЕМАН (литвача Нямунас)- Беларуссия, Литва жана Россия аркылуу аккан дарыя. Уз. 937 км, алабынын аянты 98,2 миң км2. Минск дөңсөөсүнүн түштүгүнөн башталып, Неман оёңу, Балтика жалчасы (мында босоголорду пайда кылат), Ортонку Литва ойдуңу аркылуу агат да, Балтика деңизиндеги Курши булуңуна куярда

Литва аркылуу аккан жери.

дельтаны пайда кылат. Негизги куймалары: Нярис (Вилия) - оң, Щара, Шяшупе - сол. Орт. чыгымы 685 м3/сек. Жазында суусу кирип, жа­йында, күзүндө жана кышында жамгырдан таш­кындайт. Декабрдан марттын аягына чейин то­ңот. Н. каналдар аркылуу Преголя д., Днепр (Огинский каналы; азыр соолуп калган) жана Вис­ланын (Август каналы) алаптары менен туташат. Н-дын алабындагы суунун жартысын Вилея­Минск суу системасы аркылуу Днепрдин алабына бурат. Чатынан 782 кмге чейин (Каунас ГЭСинде токтойт) кеме жүрөт. Воюнда Гродно, Друски­нинкай, Каунас, Советск ж. б. ш. жайгашкан.