НЕЙТРИНО
НЕЙТРИНО (итал. neutrino - нейтрондон кичине) - тынч абалда массасы электрон массасынан өтө кичине, магниттик моменти дээрлик жок, спини 1/2 ге барабар болгон электр нейтралдуу элементардык бөлүкчө (у). Н. лептондорго, ал эми статистикалык касиети боюнча фермиондор классына таандык. Н-нун электрондук (уе), мюондук (үга) жана таулептондук (V/ деп аталган үч түрү бар, ошондой эле буларга ылайык антибөлүкчөлөрү белгилүү. Н. массага да, зарядга да ээ эмес жана жарык ылдамдыгындай кыймылдайт. Швейцариялык физик В. Паули 1930-ж. бета-ажыроо процессиндеги энергия жана' импульстун сакталуу законунун бузулушун түшүндүрүүдө Н-ну илимге сунуш кылган. Н-нун реалдуулугун америкалык физик Ж. Аллен 1942-ж. экспериментте далилдеген.