НЕЙРОХИРУРГИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:21, 9 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЕЙРОХИРУРГЙЯ — хирургиянын нерв систе­масынын түрдүү жабыркоосун диагноздоочу жана хирургиялык жол менен дарылоочу тармагы. Н-нын нейроонкология (нерв системасынын шишикте­рин), нейротравматология (нерв системасынын травмасын), мээ менен жүлүндүн кан тамырларын хирургиялык жол менен дарылоону, сезгенүү жана ириң­дөө процесстерин, анын кесепетин, нерв систе­масынын тубаса ооруларын ж. б. изилдөөчү тар­ма.ктары бар. Н. өз алдынча илим катары 20- к-дын башында калыптанган. Азыр мээ шиши­ги, нерв системасынын сезгенүү оорулары терең изилденип, аларды хирургиялык жол менен дарылоодо чоң ийгиликтер болууда. Н. физика, электро­ника, кибернетика, радиологиянын жетишкен­диктерин колдонуп, мээнин татаал жана терең бөлүктөрүндөгү түрдүү ооруларды операция жолу менен айыктырууга мүмкүндүк ачылды. Кыргызстанда Н-нын өнүгүшүнө академик М. Мамытовдун эмгеги зор.