НЕЙРОН
НЕЙРОН (грекче neuron - нерв), нерв клеткас ы - нерв системасынын структуралык жана функциялык негизин түзүүчү бөлүкчө. Н. рецепторлордон келген сигналдарды кабыл алып, аларды нерв импульсу аркылуу органдардагы нерв учтарына жеткирет. Н-дун башка клетка сыяктуу эле ядросу жана цитоплазмасы бар. Анын цитоплазма талчасынын бири башкалардан узун келип, а к с о н деп аталат. Аксон Н-дун денесинен нерв импульстарын четки эфферент нерв учтарына берет. Н-дун денесинен бир же бир нече бутакташкан кыска талчалар тарайт. Алар дендритте. р деп аталат. Булар аркылуу дүүлүгүү (козголуу) Н-дун денесине келет. Н-дун формасы жана талчаларынын саны ар түрдүү. Алар чогулуп, мээ менен жүлүндүн боз затын, ал эми аксондору (узун талчалары) мээнин ак затын түзөт. Н-дордун бири-бири менен байланышы с и н а п с деп аталат. Н. аткарган кызматына жараша сезгич, сырткы жана ички чөйрөдөн сигналдарды кабыл алуучу жана нерв импульстарын органдарга берүүчү (кыймылдаткыч) болуп айырмаланат. Булар чогулуп, рефлекс догосун түзөт. Айрым Н. нейрогормондорду бөлүп чыгарат.