НЁЗВАЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:21, 9 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЁЗВАЛ Витезслав (26. 5. 1900, Моравия, Бис­коупки - 6. 4. 1958, Прага) - чех акыны, Че­хословакия эл сүрөтчүсү (1953). 1919-22-ж. Брно жана Прага университеттеринде окуган. Ырларын 1919- жылдан жарыялай баштаган. Лирикаларында жакшылык менен жамандыктын, прогресс менен реакциянын күрөшүн чагылдырып, чыг-чыл эм­гекти, дүйнөнүн көркөмдүгүн ырга кошкон. «Ки­чинекей сыйкырчы» (1922), «Пантомима» (1924), «Розалуу бакча» (1926), «Эдисон» (1928), «Мезгил кабары» (1931), «Пруссиялыктар» (1939) ж. б. поэмаларында мекенди даңазалоо, фашист­тик коркунучка каршы чыгуу ачык байка­лат. «Улуу куранттар» (1949), «Канаттар» (1952) ыр жыйнактарында, «Тынчтык ырында» (1950; Тынчтыктын Бүткүл дүйнөлүк Советинин Ал­тын медалы, 1953), «Туулган жер тууралуу» (1956) поэмасында заманбап адамдын рухий бай­лыгын даңктоо, тынчтык үчүн күрөш драматиз­ми айкын көрүнөт. Н. прозада, драматургияда, котормодо жемиштүү эмгектенген, ошондой эле шык­туу композитор жана еүрөтчү да болгон.

Чыг.: Избранное, М., 1960; Стихи. Поэмы. М., 1972; Ырлар (которгон Т. Кожомбердиев). Ф., 1972.

Ад.: Шерлаимова С.А. Витезслав Незвал. М., 1968.