НЕГИЗГИ ФОНД БАЛАНСЫ
НЕГИЗГИ ФОНД БАЛАНСЫ - негизги фондунун көлөмү, түзүлүшү, өсүшү акчалай туюнтулган нарк көрсөткүч системасы; жыл ичинде колдо болгон негизги фондуларды жана алардын кыймылын мүнөздөөчү көрсөткүчтөр системасы. Ал негизги фондуларды кайталап өндүрүүнү пландаштыруу, анын эсебин жүргүзүү, жаңыртуу, максатка ылайык пайдалануу, фондулардын кыймылын жана абалын эсепке алуу, талдоо үчүн зарыл. Н. ф. б. фондулардын алгачкы толук наркы түрүндө жана алгачкы касиетин жоготкондон салгандан кийинки баасы калдык наркы боюнча түзүлөт.