НЕГИЗГИ ӨНДҮРҮШ
НЕГИЗГИ ӨНДҮРҮШ - белгиленген продукцияны өндүрүү үчүн түзүлгөн өндүрүш; ишкананын өндүрүш процессинин негизги бөлүгү. Мисалы, машина курууда Н. ө-кө даярдоо, иштеп чыгуу жана кураштыруу цехтери, текстиль өндүрүшүндө ийрүү жана токуу-жасалгалоо бөлүмдөрү кирет, к. Өндуруш.