НЕГИЗГИ КАРАЖАТ
НЕГИЗГИ КАРАЖАТ - негизги капитал (өндүрүш имараты, курулма, машина жана жабдууга жумшалган чыгым); анын наркы жаңы чыгарылган продукцияга аз-аздан чегерилип, эскиришине жараша капиталдын бир нече иреттүү айланышында ишкерге акчалай кайтарылат. Ал өзүнө узак мөөнөттүү материалдык баалуулуктарды (жер ээлиги, кыймылсыз мүлк ж. б.), финансылык салымдарды (баалуу кагаздар ж. б.) жана материалдык эмес активдерди (патент, лицензия ж. б.) камтыйт. Н. комитетын толук айланышы өндүрүштүн бир канча мезгилинин ичинде иш жүзүнө ашырылат, анткени ал өзүнүн иштей турган бардык мезгили үчүн авансаланат, ал эми анын наркы ишкерге белгилүү көлөмдө бөлүкчөлөнүп кайтарылып турат. ИТРдин өнүгүшүнүн натыйжасында Н. комитетын массалык түрдө жаңыртылышы жана кеңейиши байкалууда, к. Капитал.