НЕВРЙТ
НЕВРЙТ (грекче neuron - нерв) — четки нервдердин сезгенүү оорусу. Ага кырсыкка учуроо, алкоголь, мышьяк, коргошун менен уулануу, жугуштуу оорулар, нервдерди кан менен жабдуунун начарлашы ж. б. себеп болот. Мында нерв жайгашкан жер сыздап ооруп, булчундар атрофияга учурайт, нервдин сезгичтиги өзгөрүп, жабыркаган мүчө ийне менен сайганды, ысык-суукту сезбейт, ошондой эле кол, бут муздап, чымырайт, кээде шал болот. Көбүнчө бет, чыканак, билек, угуу нервдеринин Н-и кездешет. Бет нервинин Н-и суук тийүү, ортонку кулактын сезгенүүсү (к. Отит.) ж. б. менен байланыштуу. Мында беттин бир жагы шал болуп, оорулуунун маңдай териси көтөрүлбөй, көзү жабылбай, кабагын түйө албай, тиштене албай, ууртун чулчуйта албай калат. Жабыркаган жаагындагы ооз кычыгынан суюк тамак куюлат. Угуу нервинин Н-и зат алмашуу бузулганда, нервге кан жетишсиз келгенде, мисалы, атеросклероздо ж. б. пайда болот. Анда кулак шуулдап, угуу начарлайт. Чыканак, билек жана билектин ортонку нервинин Н-инде манжалар, колдун кыймылы бузулуп, сезгичтиги начарлайт, булчуңдары ичкерет. Дарылоону врач жүргүзөт. Оорунун негизги себебине жараша жабыркаган нервдин функциясын калыбына келтирүү үчүн аракет жасалат. Дене тарбия гимнастикасы, физиотерапия кеңири колдонулат. Алдын алуу үчүн эмгек гигиенасын сактоо, суукка учурабоо, кырсыктан сактануу, өз убагында врачка кайрылуу керек.