НАХЙМОВ
НАХЙМОВ Павел Степанович [23. 6 (5. 7). 1802, азырКы Смоленск обл., Андреев р-ну, Нахимов кыш. - 30. 6 (12. 7). 1855, Севастополь] - орус флот башчысы, 1834-жылдан Кара деңиз флотторунда адмирал (1855). Деңиз кадет корпусун бүтүп (1818), Балтика флотунда, кызмат өтөгөн. 1822-25-ж. «Крейсер» фрегаты менен дүйнөнү айланып чыккан. Навара салгылашына (1827) «Азов» линкорунда батарея командири катары катышкан. Орус-түрк согушунда (1828-29) корветке, 1829-ж. Кронштадтка келгенден кийин «Паллада» фрегатына командалык кылган. 1845-жылдан контр-адмирал, 1852-жылдан вицеадмирал, флот дивизиясынын начальниги. Н. - аскер-деңиз өнөрүнүн билерманы. Крым согушунда (1953-56) Кара деңиз флотунун эскадрасын башкарып, Синоп жанында түрк флотун талкалаган. Севастополь коргонуусун (1854-55) уюштурууну башкарып, коргоочулар арасында кадыр-барк тапкан. Малахов дөбөсүндөгү алдынкы коргонуу чептерин көрүп жүрүп, окко учкан. Н-дун сөөгү Севастополдогу Владимир соборуна коюлган. 1959-ж. Севастополдо эстелик (скульптор Н. В. Томский) тургузулган. СССР Жогорку Советинин Президиумунун Указы (1944) боюнча 1- 2-даражадагы Нахимов ордендери жана Нахимов медалдары белгиленген. СССР АДФтин бир крейсерине Н-дун ысмы берилген.