НАУРУ
НАУРУ, Науру РеспубликасыТынч океандын түштүк-батышындагы Науру а-нда жайгашкан мамлекет. Аянты 21,3 км2. Калкы 14,0 миң (2009); негизинен наурулуктар (58%), ошондой эле кытайлар (8%), европалыктар (8%) жана

Тынч океанда жашаган улуттардын өкүлдөрү да жашайт. Эл аралык аэропорту бар. Калкынын саны боюнча дүйнөдө 190-орунду ээлейт. Орт. жыштыгы 1 км2 жерге 649 киши. Борбору - Ярен (4700; калк эң көп отурукташкан жер; борбор катары кабыл алынганы менен Н-нын расмий борбору жок). Көпчүлүгү протестант динин тутат. Мамлекеттик тили - науру жана англис тилдери. Администрациялык-аймактык жактан 14 округга бөлүнөт. Акча бирдиги - австралия доллары.
Н. - унитардык мамлекет. Башкаруу формасы - Вестминстер системасындагы парламенттик республика. 1968-ж. Конституциясы кабыл алынган. Мамлекет жана өкмөт башчысы - президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы - бир палаталуу парламент. Аткаруу бийлигин Министрлер кабинети ишке ашырат. Н-да көп партиялуу саясий система орун алган. Негизги партиялары: Демокр. партия, Наоэро Амо жана Борбордук партия.
Аралды шуру рифтери курчап жатат. Эң бийик жери 61 м. Аймагын фосфориттешкен акиташ тегинен түзүлгөн плато ээлейт (бийикт. 65 м). Фосфорит көп казылгандыктан, аймагынын 1 / бөлүгү карьерге айланган. Климаты муссондук, экватордук. Айлык орт. температурасы 28°С. Жылдык жаан-чачыны 2500 мм. Туруктуу агын суусу жок; ичүүчү сууну сырттан алып келет. Сейрек токой жана бадалдар өсөт. Кокос пальмасы өстүрүлөт. Кустардык кол өнөрчүлүк өнүккөн. Балык кармалат.
Н-нун аймагын мындан 3000 жыл мурда эле микронезиялыктар жана полинезиялыктар мекендеген. Н. а-н 1798-ж. англистер ачкан. 1886-ж. Англия-Германия конвенциясы боюнча Н. Германияга ыйгарылган. 1888-ж. Германия оккупациялап, Жаңы Гвинея протекторатынын бир бөлүгүнө айланган. 1-дүйнөлүк согуш (1914- 18) учурунда Н-ну Австралия ээлеген. 1920-ж. Улуу Британиянын башкаруусуна өткөн.
1942-ж. Япония басып алган. 1943-ж. америкалык армия Н-ну басып алуу аракетин жасаган, бирок ишке ашкан эмес. 1947-жылдан БУУнун камкордугуна алынып, Австралия Союзу, Жаны Зеландия жана Улуу Британия биргелешип башкарган. 1950-жылдардан Н-да көз карандысыздык үчүн кыймыл башталып, 1968-ж. 31-январда Н. Британ шериктештигине (к. Шериктештик) мүчө болууга мүмкүндүк алып, көз карандысыздыкка ээ болгон. 1999-жылдан БУУнун, ошондой эле Тынч океан а. форумунун, Азия өнүктурүү банкынын, Африка өлкөлөрү, Кариб бассейни жана Тынч океан чөлкөмү ж. б. эл аралык уюмдардын мүчөсү. Н. дүйнөнүн көп өлкөлөрү менен дипломатиялык мамиледе. Негизги өнөктөшү - Австралия, Улуу Британия, Индия, Кытай, Корея, Жаңы Зеландия, АКШ, Тайланд, Филиппин жана Япония. 2009-ж. 15-16-декабрда Абхазия жана Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын тааныган дүйнөдөгү 4-мамлекет (Россия, Никарагуа жана Венесуэладан кийинки).
ИДПнин көлөмү 60 миллион АКШ доллары. Аны киши башына бөлүштүргөндө 5 миң долларга
жакын туура келет. Экономикасынын негизин фосфоритти казып алуу (жыл сайын 2 миллион тдай) түзөт. Бирок чет өлкөлүк жардамга көз каранды. Кирешенин башкы булагы чет өлкөдө иштеген жарандардын акча которуусунан түшөт. 2007-ж. 31 миллион кВт-с электр энергиясы өндүрүлгөн. Жыгаччылык, тамак-аш ө. ж. иштейт. Автомобиль жолунун уз. 24 км. Экспортко (Австралия, Жаңы Зеландия, Япония) фосфорит чыгарат.
Билим берүүсү мектепке чейинки тарбиялоону, милдеттүү башталгыч, орто жана жогорку билим берүүнү камтыйт. 15 жаштан жогору калктын сабаттуулугу 67%ти түзөт (2008). Гезит-журналдар чыгат. «Радио Науру» мамлекеттик радиоуктуруу кызматы 1968-жылдан иштейт, телеберүүлөр Жаңы Зеландиядан (1970-жылдан) тартылып көрсөтүлөт.

