НАТЮРМОРТ
НАТЮРМОРТ (фр. nature morte - сөзмө-сөз, жансыз табият) - сүрөт искусствосунун бир жанры (көбүнчө станоктук живопистин), жансыз көрсөтүлгөн нерселерге багыштоо (буюм, эмерек, жер-жемиштер, жансыз илбээсин, гүлдесте, кайсы бир ишмердиктин айкындоосу). 16-к-дын аягы - 17-к-дын башында Голландияда пайда
болгон. 19-к-дын атактуу сүрөтчүлөрү Ф. Гойя, Э. Делакруа, К. Курбе, Э. Манэ ж. б. Н-тун мыкты үлгүлөрүн жаратышкан.
