НАТУФ МАДАНИЯТЫ
НАТУФ МАДАНИЯТЫ — мезолит мезгилинен калган археол. маданият. Палестина тарыхый облнун, ошондой эле азыркы Сирия менен Түштүк Түркиянын аймагында биздин заманга чейинки 10-8-миң жылдыкта тараган. Вади-эн-Натуф д-нын боюндагы Шукба үңкүрүнөн (Иерусалимден 27 км түндүк-батышта) алынган (1928-32) табылгаларга таянып, англ. археолог Д. Гэррод ачкан. Натуфтуктар негизинен үңкүрдө, кээде үстү ачык жер кепеде жашап, аңчылык, балыкчылык, жыйноочулук менен күн көрүшкөн. Бара-бара алгачкы дыйканчылык маданиятына өтүшкөн. Изилдөөчүлөрдүн көбү дүйнөдөгү эң эзелки жөнөкөй дыйканчылык Н. м-нын тушунда эле пайда болгон деп божомолдошот. Н. м-нын убагында микролит куралдары, таш орок, соку, сокбилек, сөөк дегээ жана кайырмактар колдонулган.