НАТУРАЛДЫК КАТАР
НАТУРАЛДЫК КАТАР - өсүү тартибинде жайгашкан бүтун оң сандардын 1, 2, 3, 4, 5, ... удаалаштыгы. Н. к-дагы эң кичине натуралдык сан - бир. Математикада Н. к-дын чексиз экендиги далилденген. Н. к-да анын ар бир мүчөсү мурунку мүчөсүнөн бирге чоң. Н. к-дын ар кандай мүчөсү натуралдык сан деп аталат, к. Сан.